Он айда Кыргызстанга АКШдан 37,9 млн доллар акча которулду

26 декабря 2023, 12:22

2023-жылдын он айында Кыргызстанга чет өлкөдөн 1 млрд 612 млн долларга жакын акча которулган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 886,5 млн долларга же 35%га аз.

Белгиленгендей, которулган акчанын эң көбү 1 млрд 464 млн доллары Орусиядан которулган.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 918 млн долларга же 38%га аз. Ошондой эле, АКШдан 37,9 млн доллар (-19%), Казакстандан - 16,3 млн доллар (+424%) жана Түркиядан - 14,7 млн доллар ​​(+68%) которулган.