Айрым азыктарды Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине чыгарууга кайрадан тыюу салуу сунушталды

25 января 2022, 15:50

Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине айрым азыктарды чыгарууга кайрадан тыюу салуу сунушталды. Айыл-чарба министрлигинен маалым болгондой, буга арпа, буудай, жүгөрү, күрүч, кумшекер, май жана ун кирет.

Эске салсак, жогорудагы товарларга жарым жылдык экспорттук чектөөнү министрлер кабинети былтыр июнь айында да киргизген болчу.

Өкмөт бул жолу экспортко 1-февралдан 1-августка чейин тыюу салууну көздөп жатат.