Айтматов райондук бюджетинде 10 млн сомго каржылык мыйзам бузулган

2 февраля 2024, 16:10

Айтматов районунун жергиликтүү бюджетинде 10 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Талас облусунун Айтматов районунун жергиликтүү бюджетинде 10 млн 94,1 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Аудиттик текшерүү 2021-2022-жылдардагы бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн.