Айыл чарба техникаларынын импорту эки эсе өстү

26 апреля 2022, 14:10

Ушул жылдын 1-кварталына карата тракторлордун жана айыл чарба машиналарынын импорттолушу былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулады. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттин колдоосу аркылуу 1 кварталда өлкөгө бардыгы болуп 229 даана техника алып келинген. Анын ичинен 151 даанасы тракторлор, 1 даана кайра иштетүү жабдуусу, 27 даана айыл чарба машиналары, 48 атайын техника жана 2 даана унаа каражаттары.

Техникалар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн Беларусиядан, Орусиядан, Түркиядан, Кытай жана Германиядан алып келинген.