«Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоору боюнча 937 млн сом берилди

18 апреля 2024, 15:00

Быйыл 11-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 937,2 млн сом берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, быйылкы жылга жалпысынан 5 млрд сом бөлүнгөн. Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар “Айыл Банк” жана “РСК Банк” тарабынан берилүүдө.

Республиканын 2 миң 262 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө насыялар берилди, анын ичинде:

  • мал чарба тармагында 273 субъектке 91,8 млн сом;
  • өсүмдүк өстүрүү тармагында 1 миң 989 субъектке 845,4 млн сом берилди.