«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 3,3 млрд сом насыя берилди

13 ноября 2023, 09:36

“Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоорунун алкагында дыйкандар эки коммерциялык банктан 3,3 млрд сом насыя алышты. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында республиканын 7 миң 332 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 295, 9 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген.