Айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын 48%ы гана өздөштүрүлдү

23 ноября 2022, 12:20

Быйылкы жылы айыл чарбасын колдоого 26 млрд 574 млн сом каралып, иш жүзүндө 14 млрд 670 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө анын 12 млрд 746 млн сому башкача айтканда, жалпы сумманын 48 пайызы өздөштүрүлдү.

Анын айтымында, үрөн сатып алууга бөлүнгөн 1 млрд 534 млн сомдун 1 млрд 34 млн сому сарпталган.

"Ошондой эле жер семирткичтерди сатып алууга бөлүнгөн 975 млн сомдун 245 млн сому өздөштүрүлүп, 5 миң тонна аммиак селитрасын сатып алдык. Калган акчанын баары бюджетке кайтарылды", - деди чиновник.