Айыл өкмөттөр 1-мартка чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтүшү керек

20 января 2022, 11:35

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарда, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө, райондук администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө региондор жана айыл өкмөттөр боюнча "Infodocs", "e-kyzmat", "Санарип аймагы" маалыматтык системаларды ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

"Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда: 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 31 айыл өкмөтү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеш керек. 1-марттан тарта президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүнө карай аттестация жүрөт.