«Ак-Кула» ат майданынын мүлкү аукционго коюлат

20 марта 2024, 10:15

“Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүлөт.

Белгилеп кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түздү. Ааукционго катышуунун шарттары жогорудагы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.