Ак-Талаада вакцина сактоочу кампанын курулушу аяктады

21 декабря 2023, 17:00

Ак-Талаа айылында Нарын райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган COVID-19 өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү долбоорунун аркасында мүмкүн болду.

Жаңы кампа имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.