Акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 79 сомдон сатып жатышат

24 марта 2020, 10:50

Кыргызстандын акча алмаштыруучу жайларында жана коммерциялык банктарда доллар 79.6 сом менен сатылып жатат. 23-марттан бери курс 1.4 % жогорулаган.

Эске сала кетсек, АКШ долларынын официалдуу курсу КР УБ 24-мартка карата 77.6 сомду түзгөн.

Рубль 1.04 - 1.07 сом менен сатылууда. Бирок, кээ бир акча алмаштыруучу жайларда рубль 0.98 сом менен сатылып жатат.