2020-жылы КР 2.3 млрд $ акча которулган. Төмөндөө 1.25% түзгөн

10 февраля 2021, 09:55

2020-жылы эмгек мигранттар мекенге 2 млрд 377 млн доллар которушкан, бул 2019-жылга салыштырмалуу 30 млн долларга аз. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Буга чейин экономика министрлиги пандемияга байланыштуу акча которуу Кыргызстанда 20%, ал эми Дүйнөлүк банк 28% төмөндөйт деген анализ беришкен. Бирок, чыныгы сандарга таянуу менен билдирсек, республикада акча которуунун көлөмү болгону 1.25% төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, декабрда акча которуулар 217 млн долларды түзгөн, 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 15.9 млн долларга, декабрга салыштырмалуу 2.1 млн долларга өскөн.