АКШда Дүйнөлүк банк менен кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагындагы жолугушуулар өтөт

20 апреля 2022, 11:40

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат, ошондой эле Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу жана кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Расмий делегациянын курамында Каржы министри Алмаз Бакетаев жана Юстиция министри Аяз Баетов бар.