Аксыдан Өзбекстанга аткезчилик жол менен спирт ичимдигин ташыган жаран кармалды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда аткезчилик жол менен ташылып бараткан спирт ичимдиктери аныкталган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-февралында Жалал-Абад облустук милициясына белгисиз жаран аткезчилик жолу менен коңшу Өзбекстан мамлекетине жүк өткөрүү максатында чек арага жакын аймакта тургандыгы билдирилген. Анын негизинде Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында 1990-жылы туулган Б.А. кармалып, ак түстөгү «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасындагы бир нече коробкалар далил буюм катары алынган. Ал аталган райондун тургуну болгон.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Б.А.нын автоунаасы Аксы РИИБнин короосуна киргизилип, төмөнкү буюмдар алынган:
- Бишкек коньягы - 0.5 л 7 даана
- С серебром арагы - 1 л 9 даана
- С серебром арагы - 0.5 л 46 даана
- Градусник арагы - 0.5 л 49 даана
- 113 коробка конфет
- 1150 даана ДБК үлгүсүндөгү оюн карталары.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.