Акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга тыюу салынды

9 апреля 2024, 09:10

Кыргызстанда окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка ылайык, олимпиадалар мекеме бекиткен жобонун негизинде гана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

"Буйрукту аткарбаган жетекчилер жоопкерчиликке тартылат", - деп айтылат маалыматта.