Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

4 марта 2022, 09:00

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди туулган күнү менен куттуктады.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.