Акыркы 3 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ИДПсы 4,5%га көбөйдү

12 апреля 2022, 13:18

Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-мартында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде 2022-жылдын I-кварталы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө өтүп жаткан брифинг учурунда Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымнда, "Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү январь-март айларында 138 млрдга жакын сомду түздү.

"Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,8%га жогорулады",- деди Шокенов.

Ал ошондой эле 2022-жылдын январь-март айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 80 млрд сомдон ашып, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 7,3%га өскөнүн белгиледи.