Акыркы эки айда ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү

24 марта 2022, 12:08

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча өтүп жаткан жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы көрүлгөн жана ишке ашырылган чаралар өлкөнүн экономикасына оң натыйжа берген.

“2022-жылдын эки айында салыктык эсептер боюнча төлөмдөр 180%га аткарылды. Бул пландалган 24 млрд 8 млн сомдун ордуна 25 млрд 9 млн сом түштү. Ошондой эле бажы чегерүүлөрү боюнча план 203,6%га аткарылып, пландалган 7 млрд 5 млн сомдун ордуна 9 млрд 7 млн сом түшкөн. Жалпысынан айтканда ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү”, - деди Жапаров.