Акышев: Авиация чоң зыянга учурады, 6 айда жарым миллионго жетпеген жүргүнчү учту

11 августа 2020, 12:11

Былтыр туруктуу рейстер токтоосуз жүргүзүлүп, 1,5 миллион адам "Манас" аэропорту аркылуу башка өлкөлөргө учкан болсо, быйыл жарым миллионго да жеткен жок. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев бүгүн, 11-августта, мамлекеттик каналдардын биринин эфиринде билдирди.

«Албетте, коронавирустук пандемиядан улам авиация экономикасы төмөндөп кетти. Бирок биз чартердик рейстердин бардык түрлөрүн аткарууга аракет кылабыз. Эгерде биз статистикалык маалымат алсак, анда март айынан бери чартердик негизде 280ден ашык учуулар аткарылган ”, - деди ал.