Акысын электрондук түрдө төлөй турган унаа токтотуучу жайлар ачылат

30 января 2024, 09:55

Бишкекте акысын электрондук түрдө төлөй турган унаа токтотуучу жайлар ачылат. Мэриядан билдиришкендей, долбоор тесттик режимде ишке ашууда.

Ага ылайык, токтотулган машинелер номуру аркылуу катталып, ал жерде турган убактысына карап акысы эсептелинет.

Мындай унаа токтотуучу жайлар ордо калаанын Киев - Тыныстанов - Фрунзе - Турусбеков көчөлөрүнүн ортосундагы жерлерде ачылат.

Муну менен алдыда жол тыгындарын азайтуу максатталууда.