Ала-Букада таштандыны кайра иштеткен кичи завод ачылды

27 ноября 2023, 09:25

Ала-Букада таштандыны кайра иштеткен кичи завод ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ишканага аймакты өнүктүрүү фондунан 18 млн 540 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер ажыратылган.

Бул жерде Ала-Бука жана коңшулаш жакынкы айылдардын, эки тоо кен компаниянын таштандылары чогултулуп, кайра иштетилет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалууда.