Алайда курулушу 7 жыл мурун башталган мектеп жакында пайдаланууга берилет

2 февраля 2022, 18:40

Ош облусунун Алай районундагы Кичи-Каракол айылында курулушу 2015-жылы башталган мектеп жакын арада ишке берилет. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү Т.Жумабаев атындагы 225 орундуу орто билим берүүчү жайдын курулушу учурда 90 пайызга бүткөрүлдү.

Объект республикалык бюджеттен каржыланган.