Алдыңкы эки жылда 1,5 млн абонент «акылдуу» эсептегич менен камсыздалат

5 февраля 2024, 11:34

Алдыдагы эки жылда 1,5 млн керектөөчү “акылдуу” эсептегич менен камсыздалат. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактарынын” өкүлү Таалайбек Койбагаров билдирди.

Анын айтымында, заманбап шаймандарды орнотуу менен авариялык өчүрүүлөрдүн саны кыскарып, электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү 20%га кыскарганы байкалууда.