Алгачкы меджардамдын сапатын жогорулатууга 11 млн доллар бөлүндү

13 февраля 2024, 10:03

Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууга 11,45 млн доллар бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында гранттык макулдашуунун негизинде каржыланат.

Долбоор 2019-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Каржылоо жөнүндө макулдашууну" ишке ашыруунун уландысы болуп саналат.