Alibaba программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча компания түздү

13 августа 2020, 16:30

Электрондук соода боюнча дүйнөлүк лидер, Кытайдын Alibaba корпорациясы Чжэцзян провинциясында 100 миллион юан (болжол менен 14,4 миллион доллар) капиталы менен программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча жаңы компания түздү. Бул тууралуу ТАСС порталы кабарлады.

Апрелдин аягында, Alibaba жакынкы үч жылда булут инфраструктурасын өнүктүрүүгө 200 миллиард юань (болжол менен 28 миллиард доллар) инвестиция салууну пландап жаткандыгын жарыялады.

"Инвестициялар дүйнө жүзү боюнча 20дан ашуун өлкөнү жана аймактарды камтыган серверлердин ири маалымат борборлорунун тармагын кеңейтүүгө, ошондой эле чиптерге жана жасалма интеллектке байланыштуу менчик технологияларды өнүктүрүүгө жумшалат", - деп айтылат билдирүүдө.