Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Ал мамлекетке 50 млн сом төлөп бергени айтылууда

9 февраля 2022, 15:15

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Ошол эле учурда ал эмне себептен иш кыскартылганы тууралуу толук маалыматы жок экенин кошумчалады.

Айрым маалыматтарга караганда, Алиярбек Абжалиев 50 миллион сом зыянды толугу менен төлөп берген.

Эске салсак, ага карата мыйзамсыз баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү фактысы боюнча 2021-жылы кылмыш иши козголгон. Кийин ал мамлекетке 20 млн сом кайтарып берген.