Алматыда кыргыз-казак чек арасындагы учурдагы кырдаал талкууланды

16 февраля 2022, 15:38

Казакстандын Алматы шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык боюнча Жумушчу топтун 1-жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу боюнча Алматыда иш сапары менен жүрөт.

"Кеңешменин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карады. Жыйындын соңунда тиешелүү Протоколго кол коюлат",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Алматыда үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө.