Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

2 июля 2021, 12:30

Бүгүн "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту биринчи каттамын Алматыдан кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы маршруттук багытындагы каттамды жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.

Учуу убактысы 40 мүнөт.