Алты ай ичинде Кыргызстандын ИДП көлөмү 5.3 пайызга кыскарган

30 июля 2020, 16:30

2020-жылдын алты айынын жыйынтыгында Кыргызстандын ИДП көлөмү 5.3 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу брифингде экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

«Өлкөнүн экономикасынын өсүшү 94.7 пайызды түздү. Өнөр жай тармагынын көрсөткүчтөрү 0.1 ал эми айыл-чарба тармагынын көрсөткүчтөрү 1.6 пайызга өстү. Эң чоң жоготуулар курулуш жана тейлөө тармагына туура келип, ал 10 жана 9.2 пайызды түздү»,-деп билдирди министр.

Анын айтымында, эл аралык уюмдардын божомолдоруна ылайык, экономиканын өсүшү 3-10 пайызга ылдыйлоосу мүмкүн. Ал эми Дүйнөлүк соода уюму дүйнө жүзү боюнча товар алмашуу 30 пайызга кыскара тургандыгын билдирген