Тазаланган алтын унциянын баасы 10 миң сомго төмөндөдү

23 декабря 2020, 17:30

Улуттук банкта тазаланган алтын унциянын баасы бир күн ичинде 10 мин сомго же 5.87% төмөндөгөн. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

21-декабрга карата унция алтындын баасы 157 миң 211.5 сомду түзгөн. Буга чейин 167 миң сомдон сатылган.

Кошумчалай кетсек, акыркы жолу унцция алтындын баасы, үстүбүздөгү жылдын 23-июлундагы көрсөткүчкө түшүп кеткен.