Амангелдиев: Кыргызстанда үч жамадан бери баалар туруктуу турат

10 марта 2022, 17:34

Өлкөдө азык-түлүктүн баалары 3 жумадан бери туруктуу сакталып турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү азыркы социалдык-экономикалык абал талкууланып жатканда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, акыркы үч жумадан бери баалар туруктуу турат. Динамика 5 пайыздын чегинде гана болууда.

Доллар кымбаттаганы менен азырынча ички баалар туруктуу болууда. Ошондой эле баардык милдеттемелер өз убагында төлөнуп берилип жатат”,- деди ал.

Ошондой эле Амангельдиев кризиске каршы план бүгүнкү күндө дагы уланып жатканын жана бааларды турукташтыруу үчүн бюджеттен 12,5 млрд сом керек экенин белгиледи.