Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безос мөңгүлөрдү сактоого 10 млрд доллар бөлөт

18 февраля 2020, 17:30

«Амазондун» негиздөөчүсү Жефф Безос климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду каржылаш үчүн «Bezos Earth Fun» экологиялык фондун түзгөнүн жарыялады. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы билдирди.

Ал бул фонддго 10 миллиард доллар салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Безос «Инстаграмдагы» баракчасында билдирди. «Жер – бул баарыбызды бириктирип турган нерсе. Келгиле, аны чогуу коргойлу», – деп жазды ал.

Гранттарды окумуштууларга, активисттерге, өкмөттүк эмес уюмдарга берүү пландалууда. Безостун айтымында, ал табиятты чындап коргоого багытталган аракеттердин баарын колдоого даяр.

«Форбс» журналынын маалыматына караганда, Жефф Безос - дүйнөдөгү эң бай адам. Анын мүлкү 130 миллиард долларга бааланат. 2018-жылы сентябрда ал көчөдө калган үй-бүлөлөрдү колдоо жана билим берүү программаларын өнүктүрүү үчүн эки миллиард доллар бөлгөн.