Антимонополия: Кыргызстанда бул айда күйүүчү май кымбаттабайт

14 марта 2024, 16:30

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Белгиленгендей, 2024-жылдын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге баанын төмөндөшү байкалып, дизелдик отунга болгон баа туруктуу болууда.

Март айынын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы 0,7 сомго/литрге бир аз кымбаттаганы байкалды, бул Кыргызстанда баалардын өсүшүнө таасир этүүчү объективдүү тышкы факторлорго байланыштуу.

Нефтетрейдерлердин маалыматына караганда, баалар 1-апрелге чейин азыркы деңгээлде сакталат.