ЖК аппаратынын апрель айындагы чыгашасы 1.8 млн сомго көбөйөт

8 апреля 2020, 12:00

Апрель айында республикалык бюджеттин чыгашасы Жогорку Кеңештин аппаратын камсыздооо үчүн дагы 1 млн 881.5 миң сомго жогорулап, 37 млн 704.8 миң сомду түзөт. Бул маалымат финансы министрлигинин 2020-жылдын апрель айындагы республикалык бюджеттин планында жазылган.

Кошумчалай кетсек, март айында ЖК аппаратынын чыгашасы - 35 млн 823.3 миң сомду түзгөн. Жалпысынан Жогорку Кеңешке апрель айында казынадан 50 млн 227.4 миң сом бөлүнүп берилет.

Эске сала кетсек, кечээ, 7-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев конференция учурунда, өкмөт бюджет каражаттарын үнөмдөөгө өткөнүн билдирген.