Apple компаниясы медициналык бекаптарды чыгарып жатат

6 апреля 2020, 15:00

Apple компаниясы медицина кызматкерлери үчүн бир жумада 1 млн даана коргонуучу беткап чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу vc.ru порталы компаниянын башкы директору Тим Куктун билдирүүсүнө таянуу менен маалымдады.

Компания керектүү материалдарды алып, АКШ жана Кытайда алгачкы беткаптарын чыгарууда.

Апрель айынын башынан тарта Apple дүйнө жүзүн дээрлик 20 миллиондон ашык медициналык беткап менен камсыз кылды. Андан сырткары компания, беткапты зарыл болгон аймактарга түз жеткирүү үчүн ошол өлкөнүн бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.