Араванда 12 млн сомго айыл өкмөттүн имараты курулду

21 сентября 2021, 13:30

Ош облусундагы Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” айыл өкмөт жетекчилиги билдирди.

Буга чейин аталган айыл өкмөттүн имараты болгон эмес. Айыл өкмөт кызматкерлери ижарага алынган мекемеде иштеп келишкен.

Жаңы имараттын курулушуна 12 миллион сом жумшалган. Каражатты жеке ишкерлер берген. Ал эми курулушка жергиликтүү эл устачылык кылып жардам беришкен.