Араванда кургакчылыктан улам буудайдын түшүмү 50% га аз чогулду

11 августа 2021, 15:00

Ош облусунун Араван районунда кургакчылыктан улам буудайдын түшүмү 50%га азайды. Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүмүн жетекчиси Пайзылда Мырзабарамов билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы дыйкандар кылкандуу дандан гектарына 1 тоннадан 1,5 тоннага чейин түшүм алган болсо, быйыл бир гектардан 800 кг же андан да аз - 500 килограмм гана буудайдын түшүмүн алышты.

Кургакчылыктан улам Араванда дыйкандар жашылча-жемиштин түрүн эгүүгө басым жасашып, анын аянты райондо 129 гектарга көбөйдү.