Араванда жазгы талаа иштери башталды

13 февраля 2024, 09:30

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймакта картошка тигип, капуста отургузуу иштери жүрүүдө.

Белгиленгендей, быйылкы сезондо органикалык жер семирткичтерди колдонууга маани берилет. Бул багытта дыйкандарга бийликтен ар тараптуу колдоо болот, - дешти өкүлчүлүктөн.