Артем Новиков өлкөдөгү ири бизнесмендер менен жолугушту

9 ноября 2020, 09:30

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандын Бизнес Курамасынын (КБК) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунын алкагында Артем Новиков иш-чара катышуучуларына Өкмөт тарабынан экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады, ошондой эле пландаштырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Кыргызстандын Бизнес Курамасынын өкүлү Аскар Салымбеков КБК түзүү идеясы жана бизнестин пандемиядан кийинки мезгилдеги өлкө экономикасын тез арада калыбына келтирүүгө тийиштүү практикалык көмөк көрсөтүү зарылдыгы боюнча ниети тууралуу маалымат берди.

КБК мүчөлөрү аймактарды жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган пландарга кыскача токтолушту, ошондой эле «БАРС» идеологиялык жана экономикалык өнүктүрүү программасын сунушташты.