Аскерге барбоо үчүн кыргызстандыктар мамлекетке 1,1 млрд сом төлөгөн

9 января 2024, 14:03

Армияга барбай, альтернативалык кызмат өтөө үчүн акча төлөгөн кыргызстандыктар көбөйүүдө. 2023-жылы аскердик кызматка байланыштуу жыйымдардын көлөмү 31,2%га өскөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин баяндамасында айтылат.

Алсак, 2022-жылдын 11 айында альтернативалык кызмат өтөө үчүн чогултулган акчанын көлөмү 772,6 млн сомду түзсө, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 14,2 млн сомго өскөн.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын башында парламентте альтернативдик кызмат өтөгөндөрдүн төлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Анда үй-бүлөлүк абалы боюнча кызмат өтөгөндөргө 50 миң сом, диний ишениминен улам курал пайдалануудан баш тартып аскерге барбагандарга 100 миң сом жана 22 жашка чыгып аскерге барбагандарга 300 миң сомго жогорулатуу сунушу айтылган.