Асрандиев: айлык акы жана социалдык төлөмдөр убагында аткарылат
Учурдагы абалга карабастан, пенсия, жөлөкпулдар, бюджеттик тармактагы кызматкерлер үчүн айлык акылар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 2020-жылга бюджеттин аткарылышын талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.
«2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээли боюнча ирээттелиши керек. Ыкчам каржылоо зарылчылыгы жок чыгым беренелери убактылуу токтотулат. Бирок бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акылары жана социалдык төлөмдөр боюнча милдеттенмелер аткарылат», - деди вице-премьер-министр.
Жыйын жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди караштыруу керектиги белгиленди.