Ат-Башыдагы 2 миңден ашык үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

7 мая 2020, 16:00

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурбек Сатаров райондогу социалдык жактан муктаж жарандарга көрсөтүлгөн жардам тууралуу айтып берди.

«Ат-Башы району боюнча 200 тонна ун 5 миң 451 үй-бүлөгө таратылып берилди. Анын ичинен, өкмөт тарабынан 1 млн 724 миң 800 сом бөлүнүп, 2 миң 156 үй-бүлөгө 25 килограммдан ун таратылды. Андан тышкары өкмөт тарабынан мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 70 тонна ун 1 миң 528 үй-бүлөгө жардам катары берилди. Ошондой эле кайдыгер эмес өзүбүздүн жарандарыбыз жардам көрсөтүштү», —деди ал.