Ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту өстү
Быйылкы жылдын 11 айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту 818 миң 972 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ушул мезгилиндеги экспорт 587 миң 167 тоннаны түзгөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 231 миң 805 тоннага көп.
Экспорт боюнча негизги карантинге алынган продукциялар:
- жашылчалар – 186 876 тонна;
- жаңгак – 88 526 тонна;
- жемиштер – 139 089 тонна;
- кургатылган жемиштер – 34 960 тонна;
- көчөттөр – 3 614 704 даана;
- дан буурчак өсүмдүктөрү – 70 545 тонна;
- картошка – 43510 тонна.