Депутат: «Биринчи атамекендик көмүрдү сатып, түгөтүп анан Казакстандан алалы»

5 декабря 2019, 12:00

Депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 5-декабрда ЖК пленардык жыйынында Өкмөттү жер казуу боюнча иштеген компанияларды көзөмөлдөөгө чакырды.

Андан сырткары, депутат казакстандык көмүр КР ашыкча колдонулуп жатканын айтты.

«Атамекендик көмүрдүн көлөмү жетпей жаткан учурда гана, Казакстандан көмүр алыш керек. Биринчи өзүбүздун көмүрлөрдү сатып, түгөтөлү», - деп билдирди.

Икрамов ундун баасы 300-350 сомго көтөрүлгөнү, калктын нааразычылыгын туудуруп жатканын дагы кошумчалады.