Аткезчилик жол менен Өзбекстанга жүк өткөрүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды
Аткезчилик жол менен Өзбекстанга жүк өткөрүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлайт.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-майында Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына аткезчилик жол менен жүк өткөрүүгө бөгөт коюшкан.
Кыргызстандын 1989-жылы туулган М.Ж., аттуу жараны Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Чуңкур жерлигинде Hyundai Porter үлгүсүдөгү автоунаасы менен Өзбекстанга 100V жана 220W 6 миң 700 лампочка өткөрүүгө аракет жасаган. Маалым болгондой, жүктүн тиешелүү документтери жок болуп чыккан.
Кармалган жаран менен жүк КР Бажы кызматынын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.