16-апрелде баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт

15 апреля 2020, 15:30

16-апрелде 12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Эмиссиянын биргелешкен көлөмү 50 млн сомду түзөт.

17-апрелде беш жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар ачык жайгаштырылат. Финансы министрлигинин эсебинен 300 млн сомду тартуу пландалууда.