Августка чейин 200дөн ашык чартердик аба каттамдары аткарылды

10 августа 2020, 12:44

Августка чейин 200дөн ашык чартердик аба каттамдары аткарылып, 25 миңден ашуун жаран алынып келинди. Мындай маалыматты бүгүн, 10-августа жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев Өкмөт үйүндө өткөн брифинге билдирди.

Акышевдин маалыматына ылайык, 5-июндан тарта Бишкек-Ош-Бишкек маршруту боюнча ички авиакаттамдар кайрадан жандандырылган. Биринчи каттам ушул жылдын 8-июнунда аткарылган, бүгүнкү күндө “Тез Джет" авиакомпаниясы көрсөтүлгөн маршрут боюнча үзгүлтүксүз негизде каттамдарды аткарып жатат.