Автобус жана троллейбустарда накталай төлөм киргизүү кийинкиге калды

3 ноября 2023, 10:10

Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кире үчүн накталай төлөм киргизүү кийинкиге калды.

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдиргендей, бул система кайра иштелип чыгышы керек.

Эске салсак, 1-ноябрдан тарта муниципалдык транспортко накталай төлөм 25 сом болмок. Тагыраагы, картасы жок жүргүнчүлөр айдоочудан билет сатып алышы керек болчу.