Аз камсыз үй-бүлөлөргө 112,9 тонна өсүмдүк майы берилет

6 декабря 2023, 12:34

2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Эмгектин ордуна продукция” программасынын алкагында 1,2 миң тоннадан ашык ун жана 112,9 тонна өсүмдүк майы берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет.

2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча айыл өкмөттөрдө мындай 444 долбоор ишке ашырылды. Аларга 10 миң 839 аз камсыз болгон үй-бүлө же 56 миң 919 адам катышып, 3 миң 37 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) берилди.