Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 3.1 млрд сом бөлүнгөн

29 декабря 2020, 11:25

Калктын социалдык катмарына жөлөк пул төлөө үчүн бюджеттен 9.8 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө - 3.1 млрд сом бөлүнгөн. Калкка төлөнгөн компенсациялардын көлөмү 1,6 млрд сомду түзгөн.

Төрөгөн айымдардын бир жолку жөлөк пулуна 537 миллион сом бөлүнгөн.